Анда мындай коркутуулар терроризмге каршы күрөшүп жаткан өлкөнүн саясатына таасир этпейт деп айтылат.

“Орусия бардык тарабынан терроризмге каршы күрөшүүсүн уланта берет. Уюм кысымга алынып жатканы үчүн мындай билдирүүнү атайын коркутуу максатында таратты”, – деп Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

Буга чейин ИШИМ Орусия президентине жана элге билдирүү жасаган. 9 мүнөттүк видео роликте уюм өзүнүн мүчөлөрүн Орусияга каршы жихадка чакырган.

Чечнянын президенти Рамзан Кадыров видео боюнча оюн билдирип, реалдуу мүмкүнчүлүктөрү жок, ишке ашпаган нерсе деп белгилеген.

Бир кезде Ислам мамлекетинин коргоо министри Тархан Батирашвилинин басып киребиз деп коркутканы бар. Ал коркутуу интернет барактарында эле калып, ал быйыл март айында Иракта өлтүрүлгөн деп Орусия ММКлары жазып чыгышты.

Бөлүшүү