Москва алдындагы (Подмосковный) Серпухов айылынын тургуну  курулуш материалдардын арасында кат табылды.

Кат жардам суроо максатында жазылган.

«Жардам бериңиздер. Бизди суусуз жана паспортсуз кармап жатышат. Биз бул жерде көппүз. Албек», — деп жазылган.

Мындай маалыматты ria.ru жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, ал курулуш материалдары Иркутск облусунун  Братск шаарынан келген деп айтылат .

Ал адам тапкан каты менен  укук коргоо органдарына кайрылган.

Азыркы учурда полиция бул маалыматтын чын-төгүнүн текшерүүдө.

кат

Бөлүшүү