Орусия президенти Владимир Путин балдар акыйкатчысы Павел Астаховду кызматтан алуу тууралуу жарлыкка кол койду.

Астахов отставкага өз каалоосу менен кетти. Ал кызматын эмгек өргүүсүнөн келгенден соң өткөрүп берет.

Буга чейин ММКлар балдар акыйкатчысынын кызматтан кетери тууралуу билдиришкен. Белгилүү болгондой, Астаховдун ордуна Бүткүл Орусиялык элдик фронттун Пензадагы аткаруу комитетинин башчысы жана президенттик гранттардын оператору Анна Кузнецова барат.

Астахов балдар акыйкатчысы кызматын 2009-жылдан бери аркалап келген. Ал орусиялык балдарды чет өлкөлүктөрдүн багып алуусуна тыюу салган мыйзамдын идеологдорунун бири катары белгилүү. Июндун соңунда интернетте аны кызматтан кетирүү петициясы пайда болгон. Ага Астаховдун Карелиядагы трагедиядан кийин балдар менен сүйлөшүп жатып: «Сууга жакшы сүзүп келдиңерби?» деп сураганы себеп болгон. Балдар акыйкатчысынын ал сөздөрү коомдо кызуу талкуу жараткан.

Бөлүшүү