БШК жыйынтыгы боюнча «Единая Россия» партиясы конституциялык көпчүлүк менен 343 мандатка ээ болду.

Ошондой эле КПРФ партиясы — 42 мандатка, ЛДПР партиясы — 39 мандатка, «Справедливая Россия» партиясы — 23 мандатка, «Родина» жана «Гражданская платформа» партиялары бирден мандатка ээ болушканын борборук шайлоо комитетинен билдиришти.

Федералдык округ боюнча 5 пайыздык барьерден «Единая Россия» (140 мандат), КПРФ (35 мандат), ЛДПР (34 мандат) жана «Справедливая Россия» (16 мандат) партиялары өтө алышкан.

110 млн 61 миң 200 шайлоочу тизмесине киргизилип, шайлоого 52 млн 700 миң 992 шайлоочу (47,88%) катышкан.

Орусиянын мамлекеттик Думасына депуттарды шайлоо 18-сентябрда аралаш түзүмдө өткөн. 225 депутат партиялык тизме менен, 225и болсо мажоритардык түзүм (бир мандаттуу округдан) менен шайланган. 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

comments powered by HyperComments
Бөлүшүү