VIII республикалык театралдык фестиваль Ош шаарында өтүп жатат.

Фестивалдын кадыр-баркын көтөрүү    максатында маданият министрлиги эки жылдан бери спектаклдерди тандап алуу менен өткөрүп жатканы, биринчиден театрлар ортосундагы жакшы натыйжа берүүчү атаандаштыкты жаратса, экинчиден режиссерлордун өз кызыкчылыгынан спектаклдин деңгээлин өйдө коюп, актерлорду тандоодогу, рольдорду бөлүштүрүүдөгү жоопкерчилигин арттырат.

Бул иш-чаранын незизги максаты – жергиликтүү көрүүчүлөргө театр искусствосун даңазалоо, руханий дөөлөтүн арттыруу, сахна аркылуу кыргыздын карт тарыхын эпосторун чагылдыруу, ошондой эле чыгармачыл коллективдердин          ишмердүүлүгүнө стимул берүү, тажрыйба алмашуусуна өбөлгө түзүү болуп эсептелет.

Бөлүшүү