Бүгүн  Ош улуттук драма театрында мугалимдердин август конференциясы өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө жаш адистерди кабыл алуу аземи болду. Анда ардагер мугалимдер насаат сөздөрүн айтышып, жаш адистер ант беришти.

Мэр Айтмамат Кадырбаев жалпы катышуучуларды жаңы окуу жылы менен куттуктап, сөз сүйлөдү.

“Билим берүү системасынын негизги өзөгү болгон билим сапаты жана мектеп окуучуларына татыктуу тарбия берүү мугалимдердин гана эмес баарыбыздын милдетибиз. Жалпы билим берүүчү мектептердин педагогикалык кадрларга муктаждыгы анча сезилбегени менен жетишсиздик бар экендигин белгилөөгө болот. Жаңы окуу жылына карата 214 мугалимге заявка берилген болсо, 106 адис ишке кабыл алынды”,-деди А.Кадырбаев.

Ошондой эле, жаңы окуу жылына жолдомо алышкан 106 жаш адистин ичинен, атайын критерийлердин негизинде тандалып алынган  20 адиске А.Кадырбаев баалуу белек катары заманбап үлгүдөгү планшеттерди тапшырды.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

comments powered by HyperComments
Бөлүшүү