Вице-премьер-министр Олег Панкратов КРдин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган реформалардын жүрүшүнүн финалдык обзоруна катышты.

Жетишилген жыйынтыктарды талкуулоо, кечээ Париж шаарында Евразия өлкөлөрүнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун программасынын евразиялык жумалыгынын алкагында өттү.

Аталган обзор алкагында КРде кичи жана орто бизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган реформалардын жыйынтыктары каралды.

Олег Панкратов белгилегендей, жүргүзүлүп жаткан реформалар экономикалык саясаттын үч артыкчылыктуу багыттарына тийиштүү болуп, алар 2013-жылы аталган уюм менен биргеликте тандалып алынган.

«Кеп кичи жана орто ишканалар үчүн каржылоонун жеткиликтүүлүгү, адам капиталын өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу жана экспортту колдоого алуу тууралуу жүрүүдө. Мында өзгөчө көңүл Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдигине кошулуу жана биздин өлкөнүн Жалы жеңилдиктер тутуму макамын алуусу шартында атамекендик бизнести колдоо маселесине бурулган, бул Европалык биримдикке мүчө-өлкөлөр менен соода кылууда чоң жеңилдиктерди берет», – деп маалымдады ал.

Сөзүнүн соңунда вице-премьер-министр Олег Панкратов Кыргыз Республикасынын Евразия өлкөлөрүнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун программасы алкагында теңтөрага катары чыгууга даярдыгын жана кызыкдарлыгын билдирди. Белгилесек, мурда акыркы 3 жыл аралыгында Казакстан Республикасы теңтөрага катары чыгып келген.

Бөлүшүү