Вице-премьер-министр Олег Панкратов бүгүнкү маалымат жыйында ЕАЭБдин Кыргызстанга тийгизген пайдалары тууралуу айтты.

Өлкө төрт даражалуу эркиндикке ээ боло алганын белгилеп, алар товарларды жүгүртүү, эмгек күчү, инвестициялар жана капитал экенин билдирди. Андан сырткары Панкратов КР биримдиктин ичинде экономикалык кризисти жеңил өткөргөнүн кошумчалады.

«Бизге товарларды экспорттоо үчүн алардын коопсуздугун далилдеп бере ала турган укуктук жана техникалык институттар керек. Инфраструктурага жакшы көңүл бөлүнбөй жатат. Лабораториялар өтө начар абалда турат. Ошого жараша Орус-кыргыз фонду түзүлүп, анын алкагында 290 долбоор каржыланды», — деди Панкратов.

Кыргызстан 2015-жылы 12-августта Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө болуп кирген.

Бөлүшүү