Кыргызстанда жаңы-жылдык жардыргыч заттарды сатууга жана колдонууга экотехинспекция тыюу салды.

Кыргызстан боюнча баардык ири базарларга жана соода түйүндөрүнө инспекторлор тарабынан билдирүү баракчалары таркатылып,түшүндүрүү иштери жүрүүдө.

Буга чейин, өткөн жылдары кыш мезгилинде пиратехникалык заттарды колдонуп зыянга учураган фактылар өтө көп катталган, анын кесепетинен өрт чыгып материалдык чыгымдарга да дуушар болгон далилдер негиз болгон. Андыктан мындай кооптуу абалды алдын алуу максатында инспекциянын өрттү көзөмөлдөөчү инспекторлору мектептерге жана бала бакчалардагы тарбия берүүчүлөргө барып балдарга атайын түшүндүрүп кыскача маалымат берип жатышат.

Эгерде тыюу салганга карабастан пиратехникалык заттарды саткандар болсо 50 000 сом айып салынат.

Бөлүшүү