Машыгуу «Anakonda -16» деп аталат.

Машыгууга 24 өлкөдөн 31 миң аскер катышууда. Анын ичинен 12 миңи Польшадан, 10 миңи АКШдан, миңден ашуун Улуу Британия жана башка өлкөлөрдөн.

Бул Польшанын тарыхында биринчи жолу эң ири аскердик машыгуу болуп калды. Машыгуу 7-июнга чейин уланышы күтүлүүдө. Ага 3 миң аскердик техникалар, жүзгө жакын учак, тик учак жана 12 аскердик кеме тартылган.
Машыгуунун максаты ар кандай коркутууларга карата бирдиктүү коргонуу операцияларын өткөрүп, улуттук жана коалициялык биримдикти чыңдоо. «Anakonda-16» сценарийи коркунучтарды алдын алуу боюнча даярдыкты текшерүү. Ошондой эле «Кылыч уруу» аскердик машыгуусу, аскерлер менен техникалар аркылуу Германия, Польша, Балтика өлкөлөрү, Румыния, Болгария аркылуу жүрүшү өтөт.

Кийинки күндөрү Орусиянын Чыгыш Европа өлкөлөрүнө жасаган агрессиясы, чек ара аймактарына жакын аскердик машыгууларды тынбай өткөрүшү НАТОну чочулатып келет. Орусиянын Крымды анекциялап алышы жана Донбасстагы окуялар НАТОнун аскердик машыгууларын күчөттү.

«Anakonda-16» «тез жооп» машыгуусун өткөрүүнү пландап жатат. Анда АКШдан Европага десанттар келиши күтүлүп жатканын tass.ru  жазып чыкты. Бул машыгуулар НАТОнун кризиске кабылып, кагаздан иш жүзүнө ашырып жаткан аракети болуп саналат.

НАТО аскерлердин санына эмес, өлкөлөрдүн санына карашууда.

2014-жылы 8 өлкөдөн 12,5 аскер машыгуу өткөргөн эле.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

comments powered by HyperComments
Бөлүшүү