Бүгүн Алмазбек Атамбаев улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө президентке өлкөнүн валюталык рыногу, негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөр, сырткы факторлордун экономикага тийгизген таасири жана доллардын курсу тууралуу маалымат берилди.

Атамбаев улуттук банк өз убагында валюталык рынокту көзөмөлгө алып, улуттук валютанын туруктуулугун сактоого чаралар убагында көрүлүшү керек экендигин эскертти.

Андан сырткары, улуттук банктын төрагасы жакында чыгарыла турган “Эгемендүү Кыргызстанга -25 жыл” жана “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары” аталыштарындагы күмүш тыйындарды көрсөткөнүн президенттик аппараттан билдиришти.

Бөлүшүү