Алмазбек Атамбаев өзүн учакта баратканда начар сезип, ден соолугуна байланыштуу Стамбулда калган.

Президенттик аппараттан билдиришкендей, анын саламаттыгы азыр дурус абалда. Толук медициналык кароодон өткөндөн кийин кайрадан ишине чыгат.

Кечээ президент Нью-Йорк шаарына КРден бара турган делегация менен учуп бара жаткан. Ал БУУнун башкы ассамблеясынын 71-сессиясына катышуу үчүн учкан эле. Медицина кызматкерлери ага жүрөккө оорусу деген алдын-ала диагноз коюшкан.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

comments powered by HyperComments
Бөлүшүү