Төлөйкан Исмаилованын кан басымы жогорулаган.

Укук коргоочу Азиза Абдырасулова Saat.kg’ге билдиргендей, дарыгерлер келип анын кан басымын текшергенде 170ке чейин көтөрүлүп кеткен.

Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук соту президент Алмазбек Атамбаевдин үстүнөн укук коргоочулар тарабынан жазылган арыз каралган.

Соттук жарыш сөз эртең 10:00гө белгиленди.

Атамбаев «Элдик парламенттин» жыйынына катышкан Абдырасулова менен Исмаилованы «грантын актагысы келген бейөкмөтчүлөр», “өлкөдө төңкөрүштү жасоону пландайт” деп сындаган. Ошондой эле укук коргоочулар билдиргендей, президент Крыловдун тамсилин мисал келтирип, аларды шылдыңдаган.+

Мындан кийин алар митинг өткөрүп, президент сөзүн артка кайтарып, кечирим сурабаса, сотко беребиз деп билдиришен. Мамлекет башчы тарабынан жооп болбогондуктан, сотко кайрылышып, ар бири 2 миллион сомдон компенсация сурашкан.

Бөлүшүү