Укук коргоочулар Азиза Абдырасулова менен Төлөкан Исмаилова намысына шек келтирди деп Алмазбек Атамбаевден ар бири 10 млн сомдон талап кылган эле.

Бүгүн Биринчи май райондук соту алардын арызын четке какты.

Чечим боюнча, 30 күндүн ичинде жогорку инстанцияларга кайрылса болот.

Президент «Элдик парламенттин» жыйынына катышкан Абдырасулова менен Исмаилованы «грантын актагысы келген бейөкмөтчүлөр», “өлкөдө төңкөрүштү жасоону пландайт” деп сындаган. Ошондон улам алар президентти сотко беришкен.

Алгач ар бири 2 млн сом талап кылышса, кийин доо суммасын 10 млн сомго көтөргөн.

Буга чейин Азиза Абдырасулова сот Алмаз Калыбаев президентке көз каранды болуп жатканын билдирген.

Бөлүшүү