Орусия президенти Владимир Путин КМШ өлкө башчыларынын саммитине катышуу үчүн Бишкеке 16-сентябрда учуп келет.

17-сентябрда Путин Атамбаев менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт.

«Жолугушуунун өзгөчөлүгү бул Атамбаевдин 60-жылдык юбилейи болуп саналат. Путин Атамбаевге бир нече белек даярдады. Аны бирөөсү мамлекеттик деңгээлде”,- деп билдирди Орусия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков.

Жолугушууда экономикалык кызматташтык жана Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө болуп кириши тууралуу сөз болот.

Ушаковдун айтымында, сүйлөшүүдөн соң, кандуу 1916-жылы болгон окуялардын курмандыктарына гүл коюу аземи болот. Андан кийин Уулу Ата Мекендик согуштун баатырларынын элесине арналган эстеликке гүлчамбар коюлат.

«Баары бүткөн соң Атамбаевдин 60 жылдык юбилейине карата иш-чаралар башталат”,- деп РИА Новостиге билдирген.

Бөлүшүү