Азербайжандагы референдумдун жүрүшүндө президенттин мөөнөтүн 5 жылдан 7 жылга чейин узартуу жактырылды.

Бул тууралуу өлкөнүн мамлекеттик шайлоо комиссиясы билдирди. Алардын айтымында, шайлоочулардын 91,2%ы мөөнөттү узартууга макул болгон. Ошондой эле референдум ачык-айкын өткөрүлгөн.

Ал эми сынчылардын айтымында бул референдум өлкөнү 2003-жылдан бери башкарып келаткан президенттин укуктарын кеңейтүүгө шарт түзүп берет.

Европа кеңеши болсо референдумду өлкөнүн демократиялык өнүгүшүнө болгон сокку катары баалап, кескин сынга алды.

2003-жылы Илхам Алиев атасынан калган президенттик орунга отурган. Беш жылдан кийинки шайлоодо кайрадан утуп чыккан. 2009-жылы референдум аркылуу конституцияга өзгөртүү киргизип, эки жолу шайланууга укук алган. 2013-жылы үчүнчү жолу өлкө башчылыгына дайындалган.

Бөлүшүү