Fancy Bears хакердик тобу кызытма колдонгон спортчулардын  үчүнчү тизмесин ачыкка чыгарышты.

Буга чейин алар Ваданын сайтын талкалап (эл аралык кызытмага каршы агенттик), бир катар спортчулар, атайын уруксат менен допинг колдонуп жүргөн спортчулардын тизмесин жарыялашкан.

Анда эже-сиңди Уильямстар, Рио чемпиону Симона Байлс да бар болчу.

Көп өтпөй хакерлер документтердин экинчи бөлүгүн ачыктап анда дүйнөнүн мыкты спортчулары менен катар олимпиада чемпиондору да кирди.

Алардын арасында дүйнөнүн 14 жолку чемпиону тенничи Рафаэл Надаль да бар болуп чыкты.

“Кызытма колдонууга  кадимки шарттарда тыюу салынат. Бирок сен өзүң колдонууга уруксат алсаң, бул башка сөз. Мен өз көрсөткүчтөрүмдү жакшыртуу үчүн дары ичкен эмесмин. Дарыгер менин тиземе эмнени жазып берсе, ошону гана ичкем”, — деп актанган.

Анын айтымында, бул жаңылыктарды баарынан катып жашыруунун кажети жок. Ар бир кызытмага берилген тесттерден кийин жыйынтыктарды чыгарып туруу керек. Ошондо бардыгы таза болот.

Эми хакерлер документтердин үчүнчү бөлүгүн ачыкка чыгарып, андагы тизмеде Рио олимпиадасында медаль тагынган 13 өлкөнүн 28 спортчусу бар болуп чыкты.

Австралия: Кейт Кэмпбелл, Джессика Фокс, Мэдисон Уилсон, Тейлор Маккеон

Канада: Кэтрин Пендрел, Дженнифер Киш, Катерин Савар, Мишель Уильямс

Хорватия: Иван Крапич

Дания: Рикке Меллер Педерсен, Якоб Фульсан

Германия: Тимо Болл

Уулу Британия: Найл Уилсон, Саския Кларк

Италия: Паоло Пиццо, Ракеле Бруни, Эмануэле Бирарелли, Маттео Лодо, Тереза Фрассинетти

Жапония: Каори Мацумото.

Сербия: Милош Теодосич, Сильвия Попович

Түштүк Америка республикасы: Кэмерон ван дер Бург

Швейцария: Фабиан Канчеллара, Нино Шуртер

Швеция: Оливия Скуг

АКШ: Элайша Гласс, Гален Рапп

Бөлүшүү