Европалык Олимпиада комитеттеринин башчысы Патрик Хики Олимп оюндарына мыйзамсыз билет сатуу иши боюнча Рио-де-Жанейродо камакка алынды.

71 жаштагы Эл аралык Олимпиада комитетинин мүчөсү билеттерди кымбат сатуу максатында мыйзамсыз жол менен алып-сатарларга өткөрүп берген деп шектелүүдө.

Бир күн мурда Риодо мыйзамсыз жол менен 800дөй билет сатып жүргөн адам кармалган. Жергиликтүү полициянын маалымдашынча, кармоо маалында Хики качып кетүүгө аракет кылган. Мындан тышкары анын үч шериги дагы колго түштү.

Буга чейин сот ирландиялык THG компаниясынын төрт жетекчисин камоого буйрук чыгарган. Компания Олимпиада-2012де Эл аралык Олимпиада комитетинин өнөктөшү болгон. Шектүүлөрдүн арасында – англиялык миллионер Мартин Стадд жана THG кожоюну Маркус Эванс бар.

Европалык Олимпиада комитети — Европанын ондогон улуттук олимпиада комитеттеринин башын бириктирген уюм.

Бөлүшүү