22-августта Орусиянын Түштүк Сахалин шаарындагы административдик жаза өтөөчү жайына 26 жаштагы кыргыз жараны келип түшкөн.
Ошол эле күнү анын өз жанын кыйганы айтылат. Учурда Орусиянын ички иштери министрлигинин башкы башкармалыгы (ИИМБ) тарабынан окуянын чоо-жайы такталууда. Андан сырткары тергөөчүлөр маркумдун кандай шартта жашаганын иликтеп, тааныштары изделүүдө.ИИМБнын басма сөз кызматынын маалыматында тергөө иштери такталгандан кийин атайын кармоочу жайдын ошол күнкү нөөмөтчүлөрүнүн кызмат өтөөсү каралат.

Бөлүшүү