ЖК жыйынында «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Аида Салянова паспорттун баасынын өсүшү тууралуу айтты.

Анын айтымында, акчасы бар адамдарга паспорттун баасынын өсүшү билинбейт.

«Бирок калктын көпчүлүк кызыкчылыгын караган болсок, бул сөзсүз түрдө чоң баада болгон өсүү. Протоколдук тапшырманы демилгелейт элем. Тиешелүү комитттер карап чыкса канчалык паспорттордун бааснын өсүшү мыйзамдуу деп. Ошо маселени жакын арада карап, кайра эски бааларды алып келсек», -дейт эл өкүлү.

1-сентябрдан тарта ID картаны алуу 460 сом жана чет өлкөгө чыгуучу паспорттуу алуу 750 сомго чыкты.

 

Бөлүшүү