11-декабрда өткөн жергиликтүү кеӊештердин депутаттарын шайлоо жана Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча жалпы элдик добуш берүү жүрүшүндө айрым саясий партиялардын өкүлдөрү тарабынан мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилигине кысым көрсөтүү аракеттери болгон.

Бул тууралуу мамкаттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев Жогорку Кеӊештеги «жай отуруп баарлашуу» иш-чарасынын алкагында журналисттер менен жолугушканда билдирди.

«Айрым партиялардын өкүлдөрү түшкө чейин эле биометрикалык далдаштыруудан өтпөгөн жарандарга чек жана бюллетень берип туруп, акт түзүп коюу менен эле чектелүү талабын койо баштады. Биз алардын жетегинде калбаганыбызга кубанам. Болбосо, аларды актыга киргизип коюп отуруп калмак экенбиз. Ырас, добуш бералбай калган айрым бир адамдар болду, албетте, алардан кечирим сурайбыз. Кыскасы, шайлоо тынч жана таза өттү», — деди ал.

Андан сырткары, 2017-жылы өтө турган президенттик шайлоодо участкаларда адамдын өӊүн биометрикалык жактан далдаштыруучу видеокамералар орнотула турганы белгилүү болду.

«Өткөн шайлоодо техникалык жабдуулар 3 миӊден ашуун адамдын бармак изи боюнча биометрикалык маалыматын тааный алган жок. Ошондон улам, президенттик шайлоодо адамды өӊүнөн тааный турган кошумча аппаратураларды орнотсокпу деп турабыз. Эгер адамдын бармак изи таанылбаса, алар өз өӊүн далдаштыра алмак», — дейт Тайырбек Сарпашев.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

comments powered by HyperComments
Бөлүшүү