Дагестандын Темиргой айылынын 60 жаштагы тургуну Сагиб Исламмагомедова короосунан табылган сексендей жыланды күрөк менен чаап өлтүргөн. Айылдаштары эрдиги үчүн сыйлыкка көрсөтсө, биологдор табиятка зыян келтирди деп нааразы.

Сүрөт:www
Сүрөт: www

Ал картошка казып жаткан учурда жыландын уюгуна туш болот. Күрөк менен чаап отуруп, жыйынтыгында 80ден ашык жыланды өлтүрүп койгон. Калгандары качып кутулган деп tvzvezda.ru сайты жазып чыкты.

Таң калган айылдаштары ага эрдиги үчүн сыйлык берүүнү райондук администрациядан өтүнүшкөн. Бирок баардыгы эле аялдын эрдигин жактыра беришкен эмес. Жергиликтүү биологдор Нурмухаммедова жана айылдын тургундары менен жолугушууну каалашат. Аларга райондун экологиясына канчалык зыян келтирилип жатканын түшүндүрүп, мындай окуялардын кайталанбасын эскерткиси келет.

Аял өзү «Жыландар мага картошка казууга тоскоол болушту. Мындай жыландар бизде толтура, кайрадан төлдөсө, бат эле көбөйөт», — деп оюн айткан.

Бөлүшүү