Шолбан Кара-оол Тува республикасынын башчылыгына 85,6% добушка ээ болуу менен шайланды.

Бүгүн анын инаугурациясы болду жана мындан кийин ал өлкөнү расмий түрдө башкара алат. Өлкө башчысы элине шайлоодо активдүүлүгүн көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Анын билдирүүсү боюнча жакында учурдагы өкмөт отставкага кетип, жаңы өкмөттүн составы куралат. Ал ачык конкурстун негизинде өтөт.

 Шолбан Кара-оол Туваны 2007-жылдан бери башкарып келет. Быйылкы жылдын май айында ал кайрадан шайланууга укуктарды берүү үчүн Орусия президентине кайрылган. Путин анын өтүнүчүн аткарып, Кара-оол «Единая Россия» партиясы менен 18-сентябрдагы шайлоого катыша алды. Шайлоодон 85,6% добуш алып, кайрадан мурунку кызматына отурду.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

comments powered by HyperComments
Бөлүшүү