Сирия өкмөтү Алеппонун чыгыш секторунун 98% толук көзөмөлгө алынганын, кичинекей гана аймак азырынча куралдуу оппозициянын колунда экенин билдирди.

Генералдардын расмий билдирүүсүндө айтылгандай, армия Алеппонун чыгышындагы эң ири аль-Фардус районун ээледи. Асаддын каршылаштары аймакты 2012-жылдан бери көзөмөлдөп келген. Адам укуктарынын бузулушуна байкоо жүргүзгөн сириялык борбордун маалыматы боюнча бул райондо уруш уланууда.

Бул арада Сириянын армиясы тарыхый Пальмира шаарынан артка чегинип, калааны “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу кайра ээледи. Өкмөттүк күчтөр шаардан чыгып кетерден мурда калктын 80 пайызын коопсуз жайларга көчүргөнүн кабарлады.

Эски доордун эстеликтерин сактап калуу жана иликтөө боюнча сириялык мекеменин директору Маамун Абдулкарим The Guardian басылмасына маек берип, окуяны “катастрофа” деп атады. Анын айтымында, шаарды сактоого үмүт калган жок.

“Ислам мамлекети” тобу Пальмираны алгач 2015-жылы майда басып алган. Экстремисттер тарыхый эстеликтерди талкалашкан. 2016-жылдын башында Сирия армиясы менен Орусия авиациясынын биргелешкен операциясынын алкагында Пальмираны көзөмөлдөө Асаддын армиясына өткөн.

Бөлүшүү