Мамэкотехинспекциясынын  кызматкерлери тарабынан Соң-Көлдү текшерүү маалында,  Батай-Арал жана Бала-Бейит аймагында  5 даана кайык жана 10 даана тор табылды.

Аталган каражаттар мамэкотехинспекциянын кызматкерлеринин айтымында, мыйзамсыз балык кармаган браконьерлерге тиешелүүлүгүн айтышат. Табылган  кайыктар желим материал менен жасалган пелка деген кайыктар болсо, торлор Кытай өндүрүшүнө таандык,  узундугу 100 метрге чукул . Жеринде Кытай  торлору өрттөлдү.

Ал эми кайыктардын ээси, эч кандай документтер жок болгондуктан, Кочкор районудук ички иштер бөлүмүнө кайыктардын ээлерин табуу максатында өткөрүлүп берилди.

Мамэкотехинспекциянын көл жээктеринде жүргүзүлгөн текшерүүлөрүнүн негизги максаты мыйзамсыз балык уулагандардын аягын тьюу болуп саналат.

unnamed (2) unnamed (3) unnamed (4)

 

Бөлүшүү