«Халал» деген сөз акыркы учурларда куралга айланып, тиешеси жок нерселерге да жармаштырылып айтылууда. Мисалы «халал жумуртка», «халал такси» деген өөн учурачы түшүнүктөр да жок эмес.

Анын тарыхы узакта эмес

халалдар

Ал тургай «халал сойкулук» деген термин да пайда болду. Аталган сойкулуктун тамыры былтыр Казакстанда жайылып коомчулукта талкуу жараткан эле. Анткени менен терминдин тарыхы деле узакка барбайт. Жакын арада эле чыгарылган сөз экени айтылат.

Мындан 2 жыл мурун Европада, башкача айтканда Нидерланды өлкөсүнүн борбору Амстердам шаарында «халал сойкулук» деген сөз биринчи жолу колдонулуп баштаган. Аталган шаарда мусулман сойкуканасы ачылган. Андагы шарттар боюнча кардарларды тейлеген «көпөлөктөр» спирт ичимдигин ичпеген, тамеки чекпеген жана беш маал намаз окуган аялдар эле.

Казак боордошторду каптаганда

жоолук

Кийинки жылы бул көрүнүш Казакстанда кайталанып, ал тургай кулачын кенен жайганы бар. Амстердамдан айырмаланып, коңшу өлкөдөгү шарттар бир аз башкача. Анда кыз-келиндер бир канча жолу турмушка чыгып-ажырашып турган. Ишмердүүлүктүн жол-жобосу боюнча «халал сойкулук» менен алектенген адам аялзатына үйлөнүп, бир нече күн же ай жашап туруп, талагын айтып досуна же таанышына өткөрүп берген. Досу бир аз жашап талагын берип дагы бирөөнө сунуштаган. Казакстанда ал ушундай жол менен өнүккөн.

Албетте, ошол маалдарда ислам дининин өкүлдөрүнө жана мусулмандарга акаарат келтиргендер болбой койгон эмес. Ага карата коңшу өлкөнүн диний ишмерлери динде мындай жорук-жосундун жок экенин айтып, түшүндүрүү ишин жүргүзүшкөн.

Аялдар динди жамынган радикалдардын курмандыгы болушат

халалала

Мындай көрүнүштөрдү изилдей келгенде «халал сойкулукка» динден анча түшүнүгү жок, алсыз аялдар алданып калып жатышкан. Анткени, аларды исламдын атын жамынып, «аялы күйөөсү баш ийиши керек» деп алдап колдон-колго өткөрүшкөн.

Казак дин таануучулардын айтымында бул радикал агымдагылардын иши. Алар аялдарды алдап сойкулуктун аркасынан Сирияга «жихадка» жөнөтүшөт. «Халал сойкулук» менен турмуш куруп жашаган аялдар балдарынын кайсы күйөөсүнөн төрөлгөнүн да билбей калышат.

Убактылуу никеге тиешеси жок

хададад

Ал эми ислам дининдеги суннит менен шиит агымдарында убактылуу нике деген бар. Ал мута деп аталат. Анда нике убактылуу болгону менен аялдын укуктары туруктуу аялдыкындай эле болот жана колдон-колго өтпөйт. Бирок, мындай көрүнүшкө мурун уруксат берилгени менен азыркы ислам дининде жол берилбейт. Күнөө болуп эсептелинет. Мусулмандар никенин келечеги бар, түбөлүктүү болушу керек деп айтышат.

Араб өлкөлөрүндө «халал сойкулук» байкала элек

Египет, Иордания, Сирия, Иран, Ирак, Кувейт, Ливан, Сауд арабиясы, Бириккен араб эмираттары, Бахрейн, Йемен аталышындагы араб өлкөлөрүндө кадимки сойкулук жок эмес. Бирок, «халал сойкулуктун» бар экени белгисиз.

Кыргызстанда проституциянын бул түрүнүн бар же жок экени билине элек. Дордой базары тарапта мындай иш менен алектенгендер бар деген имиштер гана айтылып келет.

Бөлүшүү