Ош жергесинде премьер-министр социалдык обьектилердин курулуштары жана инфраструктурасы менен таанышып кайтат.

Араван районундагы логистикалык борбордун, жер жана мөмө жемиш базасынын ишмердүүлүгүнө көз салат.

Андан сырткары, Кара-Суу районундагы Барак эксклавынан «Беш-Үй» айылына көчүрүлгөн айыл тургундары менен жолугушат.

Жээнбековдун өткөн жылы зилзаладан жабыркаган «Чайчы» айылынын тургундары менен да жолугушаарын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Бөлүшүү