Мындай мыйзам долбоорун Дастан Бекешов сунуштап, депутаттардын кароосуна койду.

«Мыйзам долбоорунун негизинде, иш берүүчүлөргө документ топтомун кароо аркылуу кызматка талапкердин соттолуудагы аныктыгын текшерип алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Өкмөткө караштуу ыйгарым укуктуу бир орган түзүлүп, маалымат базасын иштетет. Ал эми анын иштөө тартибин жана өзгөртүүлөрдү киргизүүсүн өкмөт көзөмөлдөйт» — дейт ал.

Электрондук документ төмөнкү маалыматтарды камтыйт:

— Мурда соттолгон жарандын толук аты-жөнү;

— Туулган жылы жана күнү;

— Кылмыш өтөө мөөнөтү, соттолуу беренелери жана башка маалыматтар болушу мүмкүн.

Кайсы бир адам жөнүндө аталган маалыматтарды мамлекеттик органдар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары жана кадимки жарандар сурап-билүүгө укуктуу болот. Сурап-билүүлөр кат же электрондук кат жиберүүнүн негизинде жүрүп, үч күндүн ичинде жооп алынат.

Бөлүшүү