Стамбулдагы 38 адамдын өмүрүн алып, 155 кишини жарадар кылган жардыруулар үчүн Күрт жумушчулар партиясынын бөлүмү жоопкерчилик алды.

Быйыл бир канча теракт жасаган «Күрдистан эркиндигинин шумкарлары» уюму ишемби кечинде болгон жардырууларды уюштурганын билдирди.

Жардырууларга байланыштуу президент Алмазбек Атамбаев Түркия мамлекет башчысы Режеп Тайып Эрдоганга көңүл айтты.

Окуядан кийин Түркияда бир күндүк аза күтүү жарыяланган.

Кош жардыруу 10-декабрда кечинде Стамбул шаарында «Бешикташ» менен «Бурсаспор» футбол командаларынын беттеши бүткөн маалда «Водафон Арена» стадионунун тегерегинде болгон.

Бөлүшүү