2006-жылдан бери JDS программасы менен муниципалдык жана мамлекеттик кызматкерлер Жапонияга барып магистр даражасын багынтып келишүүдө.

Программанын алкагында каржы министри Адылбек Касымалиев менен Жапониянын КРги ыйгарым укуктуу өкүлү Ёсихиро Ямамура алмашуу нотасына кол коюшту.

Анда аталган өлкө КРге каржылык жардам көрсөтүү максатында 231 млн жапон йенин (2,2 млн доллар) берди.

Азыркыга чейин жиберилген 146 стипендианттын 116сы диссертацияларын ийгиликтүү жактап келип, министрликтерде жана башка мамлекеттик мекемелерде кызмат кылып жатат.

“Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программасы” (JDS) менен быйыл 15 стипендиант жолдомо алганын каржы министрлиги кабарлады

Бөлүшүү