Ал 2-сентябрда президент Алмазбек Атамбаевдин чакыруусу менен көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине келди.

Стивендин айтуусу боюнча, ал өзүн жарым-жартылай көчмөн деп эсептейт, келгенинин бирден-бир себеби да ушул болгон.

«Кыргызстандын маданияты менен колдон келишинче таанышкым келет, балким келечекте чогу иштешип калаарбыз. Көчмөндөр Оюну мен үчүн өтө маанилүү, ошол себептен да келдим десем болот. Албетте келүүмдүн башкы себеби президенттин чакыруусу болду, ошондуктан Алмазбек Атамбаев менен жолугушкум келип жатат» — деп белгиледи Сигал.

Көчмөндөр Оюндары үстүбүздөгү жылдын 3-8 сентябрга чейин Ысык-Көл жергесинде өтөт.

Автор: Нуркыз Маматова

Бөлүшүү