Куткаруучулар жеринде ишин алып барышууда. Алар суудан 126 сөөк алып чыгышкан.

Египет жээгине жакын Жер ортолук деңизинде Африка өлкөлөрүнөн 400-600дөй мигрант мыйзмасыз жол менен келе жаткан. Алардын кемеси 21-сентябрда эрте менен Египеттин жээгине 12 км калган жерде чөккөнү айтылат. Жээк кароолу 150 кишинин өмүрүн сактоого үлгүргөн.

 

Египеттин жээк кароолу Жер ортолук деңизи аркылуу Европага өтүп кетүүнү каалаган мыйзамсыз мигранттар тууралуу жума сайын билдирүү жасап турушат. Көпчүлүгү максатына жетпей орто жолдо чөгүп кетери айтылат.
Орто жолдо Египеттен чыккан шылуундардын тобу мигранттарга кайык, кеме сунуштап Европага жиберүүгө аракеттерди жасашат. Алардын транспорттору авариялык абалда болгондуктан, ошондой эле үстүнө кишилер чексиз толтурулгандыктан кемелер орто жолдо чөгүүгө дуушар болот.
Бөлүшүү