Жалал-Абад облусттук мергенчилер жана балыкчылар коомунун билдирүүсү боюнча кечээ Сузак районунун Калмак-Кырчын айылынын тургуну Т.С. аттуу жаран Бишкек-Ош унаа жолундагы туннелге жакын жердеги Көк-Зоо участкасында мергенчилик кылып жүрүп кар көчкүнүн алдында калып кеткен.

Маалымат боюнча үч мергенчи болушкандыгын кечээ саат 15:30-16:00 чамасында кар көчкү түшкөндүгүн жана Т.С. аттуу жаранды басып калган.

Азыркы убакта ИИМнин кызматкерлерине жана туугандарына жансыз денесин өткөзүп берүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Бөлүшүү