Жыл башынан бери компания 219 арыз жазып, 30,2 млн сом карызын өндүрүп алууну көздөп жатат.

Анын ичинде “Түндүк электр” тейлеген Бишкек, Чүй, Талас аймактарындагы 26 млн сом карыз болуп калган 55 өнөр жай абонент бар. Ал эми калк арасынан 4,2 млн сом суммага 164 арыз жазылды.

Соттун чечими менен 3 өнөр жай абонент 698 миң сом жана 5 жөнөкөй колдонуучу 161 миң сом карызды кайтарып бериши шарт. Маселен, “Элита” ААК” 1,2 млн сом, Новопавловка айыл өкмөтү 750 миң сом төлөп берет.

Бөлүшүү