Кыргызстан аялдардын төрөттөн каза болушу боюнча көрсөткүчтө мурунку совет өлкөлөрүнүн ичинен алдыңкы сапта турат.

Саламаттыкты сатоо министирлиги saat.kgге берген маалыматына ылайык, акыркы 3 жылда кыргыз демографиясында өсүү байкалганы менен аялдардын төрөттөн каза болушу маанилүү көйгөйлөрдүн бири.

Акыркы жылдары төрөттөгү өлүмдүн негизги себептери:

  • Кансыроо;
  • Өнөкөт оорулардын кош бойлуу жана төрөт учурунда өрчүп кетиши;
  • Инфекциялар жана кан басымдын жогору болушу.

Көп учурда кош бойлуу кезинде аял өнөкөт оорулар менен ооруп убагында дарыгерге кайрылбай койгондон кийин төрөт учурунда каза табышы мүмкүн.

Ошондой эле көп учурда социалдык фактор да өлүмдүн себеби болот.

  • Туруктуу жашаган жайдын жоктугу;
  • Материалдык жашоонун төмөндүгү;
  • Туура эмес тамактануу;
  • Үй-бүлөнү пландоо тууралуу маалыматтын жок болушу;
  • Миграция, туруктуу жумуштун жоктугу;
  • Өз ден соолугуна жеткиликтүү көңүл бурбаганы;
  • Ооруканадардагы техникалык базанын жетишсиздиги.

 Кандай чаралар көрүлүү керек?

Ал эми күрөшүүдө бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун тажрыйбасына таянып жүргүзүлүүдө.

«Азыркы учурда калктын саламаттыктыгын сактоо реформасынын алкагында «улуттук ден соолук» аттуу программа иштелип чыккан. Анда алдыңкы багыттардын бири катары эне жана баланын ден соолугу эсептелинет», — деп министрлик билдирди.

Программанын алкагында өлкөгө реаномобилдерди алуу, төрөтканаларды куруу, медициналык жабдыктарды алуу, медициналык кызматкерлеринин окутуу иштери жүргүзүлөт.

«Баткен жана Жалал-Абадда атайын перинаталдык борборлорду ачуу. Кош бойлуулук убагында сапаттуу текшерүүнү камсыздоо жана төрөгөндөн кийин дарыгер көзөмөлүнүн алдында  бир нече жуманын ичинде жүрүүгө шарт түзүү зарыл», — деп кошумчалашты.

 

Бөлүшүү