Түркия бийлиги 12 801 полицияны оппозиция өкүлү Фетхуллах Гүлен менен байланышы бар деп кызматтан кетирди.

Рейтер полицияга шилтеме берип жазып чыкты. 2, 5 миң адам башчы кызматын ээлеген.

16-июлга караган түнү Түркияда аскерий төңкөрүш аракети болуп, 240тан ашуун адам каза таап, 2 миңден ашуун киши жаракат алган. Өлкө бийлиги төңкөрүш аракетине учурда Калифорнияда жашаган оппозиционер, коомдук ишмер Фетхуллах Гүленди күнөөлөп келет. Ал өз кезегинде күнөөнү четке кагууда.

 

 

 

Бөлүшүү