Жардыруу Түркиянын түштүк-чыгышындагы күрддөр жашаган Дерык жана Кызылтепе райондорундагы шаар аралык трассада болду.

Азырынча эч бир топ окуяны мойнуна ала элек. Ал эми бийлик болсо Түркияда тыюу салынган, Күрдстан эмгек партиясынан шек саноодо.

Өткөн жылы күрд согушчулдары жана түрк аскерлеринин ортосунда тынчтык келишиминен кийин кагылышуулар орун алган. Андан бери Түркия коопсуздук кызматынан 600дөн ашуун кызматкер жана миңдей күрд набыт болду.

Бул окуянын башаты 1984-жылдагы 15 млн күрддүн өзүнчө эгемендүү өлкө болууга умтулганына барып такалат. Анда 40 миңге жакын адам каза тапкан.

Бөлүшүү