Талас шаарынын «Таза суу» муниципалдык ишканасы мыйзам бузуу менен иштеп жатканы аныкталды.

Мамэкотехинспекциясы жүргүзгөн текшерүүгө ылайык, контролдук текшерүү учурунда,  айлана чөйрөнү коргоо мыйзамын бузуу менен пайдалануудан чыккан булганыч сууларды сыртка агызууда. Протокол түзүлүп, анын негизинде 30 000 сом айып салынды.

Ишкана 10-июнда сотко кайрылган. Соттук териштирүүдө түзүлгөн протокол, токтом мыйзамдуу деп табылып, ишкана мамэкотехинспекция койгон талапты аткарууга милдеттендирилди.

Бөлүшүү