Бишкектеги тарых музейинин оңдоо иштери ТИКА уюму тарабынан аткарылат.

Аталган уюмдун маалыматына таянсак, оңдоо иштери Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн жана Түркия менен дипломатиялык мамилелеринин түзүлүшүнүн 25-жылдыгына карата жүргүзүлөт.

Август айында өтө турган аземдерге чейин аталган долбоордун жүзөөгө ашырыла турчу алгачкы этабында имараттын тышы жана айланасы менен Манас айкели заманбап көрүнүшкө ээ болот.

Долбоордун экинчи этабы музейдин ичиндеги экспонаттардын инвентаризациясы жүргүзүлөт.

Бөлүшүү