Алмазбек Атамбаев буга чейин Максим Бакиев, Алексей Ширшов, Данияр Үсөновдор менчиктештирип алган, «Дастан» ишканасына тиешелүү территорияга үй салууда. 

Мындай маалыматты «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев басма сөз жыйынында билдирди.

«Аламүдүн районуна караштуу Кой-Таш айылынын тургундары 5 жылдан бери 27,5 гектар жерди улутташтырууну суранып келишет. Бирок, ал «Датсан» ААКна тиешелүү. Мурун өзгөчө статусу бар аскер заводу эле», — дейт депутат.

Анын айтымында, 2008-жылы аталган база Анарбек Укуев тарабынан менчиктештирилип алынган. Былтыр Бишкектин мэри Албек Ибраимовдун жубайы Айнура Ибраимова  наамына катталуу болгон.

«Ал эми былтыркы жылдын 12-майынан тарта кайра жаран Алмазбек Атамбаевге каттатылган. Ал азыр ошол жерге үй курууда. Албек Ибраимов базаны президентке өткөрүп берген жана ошондон кийин шаар мэри болуп дайындалган. Логикалык түрдө ойлонуп көрсөк, бул жемкорлуктун классикалык түрү болуп калууда» — деп кошумчалады Текебаев.

Бөлүшүү