Бүгүн “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев маалымат жыйын өткөрдү.

Ал президент Алмазбек Атамбаевди дарыгерге көрсөтүү керек экенин айтты. Анын билдирүүсүндө, бүт кыргызстандыктар мындай кепти айтып жатышат.

Ошондой эле Текебаев Атамбаев бир канча жолу Батыров менен жашыруун жолукканын билдирди.

“Апрель окуяларынан кийин Атамбаев Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө билдирбей Ош шаарына барган. Түштүктө абал курчуп, Жалал-Абадда Батыров элди чогултууну пландап, Атамбаев чакырылган. Жаңжал болуп кетиши мүмкүн болчу. Ошондон улам  Атамбаевдин өмүрүн коргоо үчүн инимди жибергем. Атамбаев болсо коркконунан Жалал-Абадга барбай, Оштон Бишкекке учуп келген. Асылбектин Батыровдун жанында турган сүрөтүн интернетке таратып жиберишти”, — дейт ал.

Президенттик аппарат мурунку жумада Атамбаев Отунбаеванын тапшырмасы менен Батыровго бир гана жолу жолукканын кабарлаган.

Мындан тышкары, Текебаев Бакиевдин мүлктөрүн ким башкарып жатканын тапканын айтып, көпчүлүгү Атамбаевдин тегерегиндеги адамдарга тиешелүү экенин билдирди.

Бөлүшүү