Бүгүн ЖК жыйынында Өмүрбек Текебаев КСДП фракциясын өзүн коалициядан чыгып кетүүсүн сунуш кылды.

«Коалиция барбы же жокпу деп сурагым келип жатат. Төрт айдан бери коалиция лидер шайлай албай жүрөт. Биз жыйын өткөрбөйбүз, сүйлөшпөйбүз. Өмүркулов тыныгуу сураганда, мага ал Икрамжан Ильмиянов менен кеңешкенге кеткендей сезилди», — дейт Текебаев.

Ошондой эле ал депутаттардан коалициялык келишимди жакшылап окуп чыгууну сунуштады.

СДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов «Ата Мекен» жана «Өнүгүү-Прогресс» фракцияларынын лидерлерине парламенттеги коалициялык көпчүлүктөн чыгууну сунуштаган.

Бөлүшүү