Компания сунуштай турган комплект күн нурунан кубат алуучу чатыр, энергия камылгасы жана электромобилдерин кубаттоочу станциядан турат.

Мындай маалыматты Илон Маск (инженер, ойлоп табуу, миллиардер) Twitterдеги аккаунтуна жазып чыкты.

Аталган жаңы чатырлар Tesla жана SolarCity ишканаларынын биргелешкен эмгеги болуп эсептелинет. 1-августта Tesla 2,6 млрд долларга SolarCity компаниясын сатып ала турганын жарыялаган. Бириктирилген ишканалардын күн кубатын алуу жана сактоо боюнча иш жүргүзөрү айтылган эле. Толугу менен сатып алуу жылдын аягында ишке ашырылат.

Tesla компаниясы пилоту жок учак жана унааларды чыгаруусу менен да белгилүү.

Бөлүшүү