Бүгүн Кыргызстан элдеринин Ассамблеясынын VIII Курултайында Ассамблея төрагасы болуп Токон Мамытов болуп шайланды. Ошондой эле, ал Кыргыз Республикасынын премьер-министринин кеңешчиси болуп дайындалды.

Кыргыз элинин ассамблеясы – Кыргызстандын элин түзгөн этностордун улуттук кызыкчылыгын көздөгөн коомдук уюм. 1994-жылы 21–22-январда Бишкек шаарында, Кыргызстан элинин 1-курултайында уюшулган. Кыргыз элинин ассамблеясынын курамында бир нече улуттук маданий борбор жана коомдук бирикмелер бар.

Ассамблеяда Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) жана башка эл аралык уюмдардын, улуттук маданий борборлордун катышуусу менен эл аралык семинарлар өткөрүлүп турат.

Кыргызстан элдер Ассамблеясынын башкы максаты – өлкөдө жашаган этностордун маданиятын сактоо жана өнүктүрүү, жарандык тең укуктуулукту калыптандырууга көмөктөшүү болуп саналат.

Ассамблея 400 делегаттан туруп, алардын 65и кеңешке кирет.

Буга чейин көп жылдар бою ассамблеяны Бектемир Мурзубраимов жетектеп келген.

Генерал-лейтенант Токон Мамытов буга чейин бир нече мамлекеттик кызматтарда иштеп келген. Коргоо министирнин орун басары, Улуттук коопсуздук боюнча орун басары, V чакырылыштын депутаты, Коопсуздук жана коргоо боюнча вице-премьер министри, Чек ара кызматынын төрагасы, өкмөттүн Ысык-Көлдөгү атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси болуп иштеген. “Кыргызалтын” ишканасынын жетекчиси кызматына келип, былтыр 2015-жылы өз арызы менен кеткен.

Бөлүшүү