КРдеги топурак текшерүүчү лабораториялар азот, фосфор жана калийди гана текшере алат.

«Жашыл чарба» агрохолдинг директору Тилек Токтогазиев лабораториялар жок дегенде 20 чакты микроэлементтерди текшере алышы керек деп эсептейт.

«Топуракты текшере турган лаборатория макроэлементтерге анализ жүргүзө алганы менен микроэлементтерге экспертиза жасай албайт. Ошондуктан, бул чоң көйгөй жаратууда. Анткени, топурак менен өсүмдүктүн курамын текшере албагандыктан өстүрүлгөн азык-түлүктүн сапаты жөнүндө айта албай жатабыз», — дейт Токтогазиев.

7 облуста филиалы бар биолабораториялардын абалы да жакшы эмес.

«Дүйнө жүзүндө түшүмгө зыян келтирүүчү курт-кумурскалар менен азыктана турган жырткыч кенелерге суроо-талап көп. Бизге Африкадан да буйрутмалар түшкөн. Бирок, биолабораторияларга заманбап жабдуулар жетишсиз болгондуктан аталган кенени өстүрүүгө мүмкүнчүлүк аз болууда. Ошондуктан аталган жайды камсыздоо үчүн өлкө инвестор тартышы керек» — дейт ал.

Бишкекте «Агрардык сектор: Кадрлар, инновациялар жана перспективалар» аттуу форум өтүп жатат.

Бөлүшүү