АКШнын президенттигине талапкер Дональд Трамп шайлоодон жеңип чыкса Орусия менен жакшы мамиле кура турганын билдирди.

Риа новости жазгандай, ал Орусиянын президенти Владимир Путинден колдоо укканы жагымдуу экенин айтты.

“АКШнын президенти Обамага салыштырмалуу Орусиянын президенти Путин мыкты лидер. Эгер шайлоодон утуп чыксам, анда Орусия менен мамилебизди жакшыртабыз”, — дейт ал.

Буга чейин АКШнын президентигине Демократиялык партиясынан талапкер Хиллари Клинтон Трампты Путинди мактоо менен Орусиянын саясатын колдоп жатканын билдирген.

Бөлүшүү