Залкар жазуучунун туулган күнүнө карата “Айтматов окуулары — 2016” илимий-практикалык иш-чарасы өткөрүлдү.

УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан даярдалган салтанаттуу жыйынга Кыргызстандын билим берүү жана илим министрлигинин орун басары Абдиманнап Муратов, Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча дирекциянын башчысы Султан Раев, чыгармачыл кошундарынын жетекчилери, белгилүү акын-жазуучулар, Айтматов таануучулар, окумуштуулары жана коомдук ишмерлери катышты.

Ошондой эле иш-чарага чет элдик илимий жана чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрү келишкен.

Бексултан Жакиев кыргыз элинин 2 жылдан кийин боло турган залкар жазуучунун 90 жылдыгын жогорку деңгээлде өткөрүүгө камынуусу керектигин айтты.

“Айтматовго тийиштүү улуттук деңгээлдеги барандуу нерселерди ишке ашыра албай жатабыз. “Айтматов борбору” деген масштабдуу борбор түзүлүшү керек. Анда Айтматовдун эле чыгармалары эмес, бүтүн улуттун, өлкөнүн маданиятын көтөрө турган, улуттун жүзүн көрсөтө  турган борбор болушу керек” – деди ал.

Ал эми драматург Султан Раев өз кезегинде Айтматов кыргыз рухунун, интеллектуалдык духунун көтөрүүчүсү. Ар бир улутту дүйнөлүк дөөлөттөрдүн бийиктигине көтөрө турган адамдар бар. Алардын бири – кыргыз эли үчүн жаралган Айтматов деген оюн билдирди.

Иш-чаранын алкагында айтматовтаануучу, академик Абдылдажан Акматалиевдин демилгеси жана жетекчилиги менен Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан залкар жазуучунун туулган күнүнө карата эки китептин бет ачары өттү.

Бөлүшүү