Бүгүн Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан “Тихая” деген жерде балыкчылардын кайыгы оодарылып кеткен.

Такталган маалыматка ылайык, кырсыктаган кайыктын ичинде 27 жаштагы Т.Ш. жана 26 жаштагы Э.Э. болгон.

ӨКМдин куткаруучуларынын издөө ишинин натыйжасында, көлдүн жээгинен 5-6 метр аралыкта саат 04:25те Т.Ш жарандын жансыз денеси табылган.

Ал эми чөккөн  кайыктын чиндеги экинчи адам Э.Э. издөө  иштерин натыйжасында саат 08:50дө  сөөгү табылган.

Бөлүшүү