Түп жана Кара-Буура райондорундагы фитосанитардык лабораториялардын оңдоо иштери жакын арада башталып, 40 күндүн ичинде бүткөрүлөт.

Бүгүнкү жыйында октябрдын аягына чейин Оштогу жана Бишкектеги лабораториялардын реконструкциясы бүтөөрү айтылган.

Буга чейин Сооронбай Жээнбеков оңдоп-түзөө иштерин эки этапта жүргүзүү боюнча буйрук берген. Биринчи этапта 13 лаборатория оңдолмок, экинчисинде Баткен, Каракол, Талас жана Балыкчы шаарларына жаңылары курулат болчу.

«Бүгүнкү күндө тендерлер өткөрүлүп жатат. Оңдоо-түзөө иштерине жалпысынан 26 млн сом каралган. Андан сырткары, Бишкектеги лаборатория оңдолуп, Ошко жаңысы салынат» — деп айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоев айтты.

Ал эми ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Калысбек Жумаканов болсо, лабораториялардын саны 30дан 19га чейин кыскарарын, ошондой эле аталган мекемелердин кызматкерлеринин маянасы жогорулай турганын билдирди.

«ЕАЭБге мүчө болгондон бери биз сырттан жардам күтө берип көп убакыт өткөрүп жибердик. Мамлекет тарабынан өз убагында каражат бөлүнүп жатат. Бөлүнгөн каражаттардын керектүү жакка жумшалып жатканына көзөмөл кылып, иштердин убагында бүтүүсүнө көңүл бөлүү керек» — деген өкмөт башчы.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

comments powered by HyperComments
Бөлүшүү