Милициянын билдиришинче, 58 жашар имам — баланын кошунасы. Алдын ала маалымат боюнча, ал эки айдын ичинде бир нече жолу баланы зордуктаган.

Окуя Сузак районунда болду. Милицияга баланын энеси кайрылып, соттук-медициналык жана соттук-биологиялык экспертизалар жүргүзүлгөн.

58-жашар имам буга чейин соттолбогонун аныкталды. Сузак райондук ички иштер башкармалыгы кылмыш ишин козгоду.

Булак: K-News

Бөлүшүү